Нурдан Орунтаев Бир-Булак айылындагы мектептин курулушун текшерди (фото)
Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Бир-Булак айылында наркы 192 миллион сомду түзгөн Турусматов атындагы мектептин курулуш иштери аяктап калды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Курулуш министри Нурдан Орунтаев жаңы билим уясынын курулуш этабы менен жеринде таанышты. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, ишке ашырылууда.
Жаңы мектеп 275 орунга ылайыкталып, эки кабаттуу окуу корпусунан, өтмө галереядан жана спорт залынан турат. Азыркы тапта курулуш иштери 90 пайызга бүткөрүлүп, мектепти жыл аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















