Бир жумада эле 270тен ашык жер титирөө... Камчатканын жээгинде сейсмикалык активдүүлүк күчөдү
Камчатка жарым аралында акыркы бир жумада 270тен ашык жер титирөө катталды. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 30-июлда болгон күчтүү зилзаладан кийин сейсмикалык активдүүлүк жогорулап, аймакта кайра-кайра жер титирөөлөр уланууда.
Алардын ичинен 47 жер силкинүүнүн күчү 7 баллга чейин жетип, аймактагы тургундарга даана сезилди. Акыркы суткада гана 44 жер титирөө катталып, алардын 8и калктын жашаган аймактарында сезилди.
1952-жылдан берки эң ири жер титирөө быйыл 30-июлда катталып, күчү 8,8 баллга жеткен. Ошондон бери Камчатканын жээгинде бир катар афтершоктор уланууда. 19-сентябрда катталган жер титирөө күчү 7,8 баллга жетип, ал аймакта дагы тынчсыздануу жаратууда.
Өзгөчө кырдаалдар кызматтары калкка сак болууну, цунами коркунучу да бар экенин эскертүүдө. Азырынча калкты эвакуациялоо жүргүзүлө элек, бирок кырдаалды көзөмөлдөө уланууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















