super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Айпери Кубик кызы жол тескөөчүнүн жакшылыгы тууралуу окуя менен бөлүштү

 

Эстрада ырчысы Айпери Кубик кызы социалдык тармактагы баракчасына жол тескөөчүнүн жакшылыгы тууралуу окуяны бөлүшүп, жол кыймылынан коопсуздугун камсыздаган кызматкерлердин ишин сыйлоого чакырды.

"Менде бир учур болгон. Шаар ичинде тойго барып, унаамдын күйүүчү майы түгөнүп калган. Бир тойду бүтүрүп, экинчи тойго, Токмокко барышым керек болчу. Биринчи тойдо гонорарымды доллар менен беришкен. Аны алмаштырганга жетишкен жокмун. Бирок бензин куюшум керек болчу.

Жолдо МАИ кызматкери тосуп калды. Түшүп барып эле "байке, кечирип коюңузчу, тойго кечигип бара жаттым эле. Токмокко жетишим керек" деп абалымды түшүндүрсөм, дароо түшүнүп, "абайлап айдаңыз" деп коё берди. Анан кайра уялсам да "акчаңыз болсо берип турасызбы, бензин куюшум керек эле" деп сурадым. Ал "макул" деди да дароо акча карматты. Мен күткөн эмесмин. Токмоктон чыкканда кайра салып коём деп жолумду уладым",- деди ырчы айым.

Ошондой эле ал милиция кызматкеринин жакшылыгына ыраазы болгонун айтып, жол тескөөчүлөрдүн ишин түшүнүү менен кабыл алып, аларды сыйлоого үндөдү.






Айпери Кубик кызы

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: