super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Кытайда Чикунгунья безгегине байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыяланды

 

Кытайдын түштүгүндөгү Гуандун провинциясынын Цзянмэнь шаарында чиркейден жугуучу Чикунгунья безгегинин өсүшүнө байланыштуу 3-деңгээлдеги "калктын саламаттыгы боюнча өзгөчө кырдаал" жарыяланды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, 19-сентябрга чейин бул шаарда 1714 учур катталганы белгилүү болду.

Саламаттык сактоо органдарынын маалыматына караганда, учурлардын бардыгы жеңил өтүүдө, оор абалдагы бейтаптар же каза болгондор жок. Вирустун жайылышын токтотуу үчүн аймакта профилактикалык чаралар көрүлүүдө.

Маалымат үчүн: Чикунгунья - чиркей аркылуу жугуучу вирус, ал дене табынын көтөрүлүшү, муундардын шишиши жана оорушу менен коштолот. Ошондой эле бул дарт булчуң ооруларына, баш ооруга, жүрөк айланууга, чарчоого, теринин кызарышына алып келиши мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: