super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Казакстанда миң төөдөн турган кербен уюштулуруп, Гиннестин рекорддор китебине киргизилди (видео)

 

Казакстанда миң төөдөн турган кербен талаа жолу менен өттү. Бул дүйнөдөгү эң чоң кербен болуп, Гиннестин рекорддор китебине киргизилди. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Кербендин узундугу бир чакырымга жетти.

"Казакстан расмий түрдө "Дүйнөдөгү төөлөрдүн эң чоң кербени" деген наамды алат. Бардык иш-чаралар аяктагандан кийин бул рекорд Гиннестин рекорддор китебинин бөлүгү болот",- деп жазылган маалыматта.

Көрүүчүлөрдүн жана катышуучулардын коопсуздугу үчүн полиция, өрт өчүрүүчүлөр, медицина кызматкерлери жана ветеринарлар ишке тартылды. Иш-чара өткөрүлгөн аймак турникеттер менен жабдылган болчу. Гиннестин рекорддор китебинин төрагасы Ричард Стэннинг мындай чоң төө кербенине биринчи жолу күбө болгонун билдирди.

Эске салсак, буга чейинки дүйнөлүк рекорд 2022-жылы Кытайда катталган, анда кербенге 365 төө катышкан.






Казакстанда 1000 төөдөн турган кербен уюштулуруп, Гиннестин рекорддор китебине кирди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: