super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Жогорку Кеңештин комитети Чоңдорго билим берүү күнүн бекитүү жөнүндө токтом долбоорун колдоду

 

Бүгүн, 22-сентябрда парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында "Чоңдорго билим берүү күнүн бекитүү жөнүндө" Жогорку Кеңештин токтом долбоору каралып, колдоо тапты.

Ал долбоорду эл өкүлдөрү Жанар Акаев, Эльдар Абакиров, Чыңгыз Айдарбеков, Нилуфар Алимжанова, Азамат Исираилов, Айсулуу Мамашова, Гүлкан Молдобекова, Жумабек Салымбеков демилгелеген.

Жыйында баяндама жасаган демилгечилердин бири депутат Айсулуу Мамашова белгилегендей, токтом долбооруна ылайык 17-апрелди – жыл сайын белгиленүүчү Чоңдорго билим берүү күнү катары бекитилет.

"Үзгүлтүксүз окуу – жөн гана жаңы тренд эмес, келечектеги норма. Адамдар жаш курагына карабастан, өмүр бою жаңы нерселерди үйрөнүшү керек",- деди эл өкүлү.

Депутат Мамашова токтомдун алкагында министрлер кабинети жарандар үчүн тиешелүү иш-чараларды, семинарларды жана окуу курстарын өткөрүшү керектигин кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: