Бишкекте 6 миңден ашуун абоненттин электр жарыгы өчүрүлөт

Бишкек шаарынын тургундарына маанилүү кабар: эртең, 23-сентябрда электр энергиясына болгон төлөмдөр убагында жасалбагандыктан 6 миңден ашуун абонент дистанциондук түрдө жарыктан ажырайт. Бул тууралуу "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКсынын "Бишкек электр тармактары" филиалы билдирди.
Ишкананын билдиришинче, электр жарыгынын үзгүлтүксүз камсыздалышын сактоо үчүн төлөөлөрдүн кечеңдигин алдын алуу зарыл. Бардык абоненттерды өз эсебинин абалын текшерүүгө жана карыздарын жабууга чакырышат.
Абоненттер төмөнкү жолдор менен караса болот:
- Компаниянын сайтына кирип, "Абоненттик баланс" бөлүмүн колдонуу;
- "Менин жарыгым" аттуу мобилдик тиркемени Play Market жана App Store аркылуу жүктөп алуу;
- Колл‑борборго чалуу: 1209, 105 же WhatsApp аркылуу байланыш: 0702 00 12 09, 0772 00 12 09, 0556 00 12 09.
Электр жарыгы өчүрүлгөн учурда альтернативдүү жарык же энергия булактарын колдонуу маселесин алдын ала карап коюу сунушталат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















