super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Украинада кулчулукта жүргөн 13 өзбекстандык бошотулду

 

Украинанын Киев облусунда өзбекстандык жарандарды күч менен жумушка мажбурлаган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Украина Улуттук полициясы кабарлады.

Полициянын маалыматына караганда, бул схеманы Кытай жараны, Украинада убактылуу жашоого уруксат алган адам уюштурган. Ага дагы эки Кытай жараны, бир Тайланд жараны жана беш украиналык жардам берген. Уюштуруучулардын арасында бир өзбекстандык да бар экени айтылды.

Украинанын укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, аталган топ 13 өзбекстандыкты таап, аларга жогорку айлык сунуштаган. Бирок Украинага келген соң паспортторун алып, мыйзамсыз кармап турушкан жана Киев облусундагы эки агрардык ишканада күч менен жумушка мажбурлашкан.

Бул иш боюнча адам сатуу фактысы менен кылмыш иши козголуп, максималдуу жаза катары 12 жылга чейин эркинен ажыратуу көрсөтүлгөн. Кылмыштуу топту кармоо учурунда беш автоунаа, банктык карталар жана өзбек жарандарынын паспорттору табылган.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги 13 жарандын кулчулукта кармалышына байланыштуу Украинага нота тапшырды жана өзбекстандыктарга Украинанын аймагына баруудан алыс болууну сунуштады.

Азыркы учурда бошотулган өзбекстандыктар Киев облусундагы клиникалардын биринде медициналык көзөмөлдөн өтүшүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: