Тармактык комитет жарнама жөнүндө мыйзамды экинчи окууда карады
Бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында "Жарнама жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, колдоо тапты.
Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев, Илимбек Кубанычбеков, Советбек Рустамбек уулу, Бакытбек Марипов демилгелеген.
Мыйзам долбоорун депутат Илимбек Кубанычбеков тааныштырды. Анын айтымында, мыйзам долбоору жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого, кесиптик стандарттарды сактоого жана мүмкүн болуучу зыяндын алдын алууга багытталган тийиштүү билими жок адамдар тарабынан психологиялык кызматтарды жарнамалоону чектөө максатында иштелип чыккан.
Талкуу маалында депутат Гүлсүнкан Жунушалиева мыйзам долбоорун колдоп, чала психологдор менен экстрасенстерден жабыркагандардын саны өсүп жатканын жүйө келтирди. Ал эми Элдар Абакиров психология тармагындагы кадрлардын тартыштыгына токтолуп, өзгөчө мектептерди жетиштүү сандагы психологдор менен камсыз кылуу маселесин ортого салды. Эл өкүлү Аида Исатбек кызы укук коргоо органдарын алдамчылыкка каршы күрөштү күчөтүүгө чакырды.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда жактырылды.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















