Сокулук районунда аз камсыз болгон 104 үй-бүлөгө жаңы үйлөр берилди

Сокулук районуна караштуу Күн-Туу айыл аймагындагы Кара-Сакал айылында “Ас-Сафа” фонду тарабынан 104 аз камсыз болгон үй-бүлөгө турак үйлөр курулуп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.Социалдык шаарчанын курулушу 2024-жылы башталып, 2025-жылдын 18-сентябрь күнү пайдаланууга берилди.
Шаарчанын аймагында бала бакча, фельдшердик-акушердик пункт (ФАП), футбол аянтчасы жана тигүү цехи бар. Мындан тышкары, шаарчанын ичинде мектептин курулушу да башталды.
Иш-чарага Жогорку Кеңешинин депутаты Раимбачаева, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Солтонбекова, Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Ташкулов, Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Исманов, араб өкүлдөрү жана социалдык шаарчанын тургундары катышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















