Бишкектин башкы планынын транспорт бөлүмүн иштеп чыгуу үчүн шаар тургундарынын транспорттук жүрүм-турумуна социологиялык изилдөө жүргүзүлүүдө.

Андагы маалыматтарга ылайык, тургундардын 41 пайызы жеке унаа же такси кызматын колдонушат. Ал эми шаардыктардын 38 пайызы коомдук транспортту тандаса, 21 пайызы жөө, велосипед же самокат менен жүрүшөт.

Бишкектиктердин эң популярдуу багыты бул шаардын борбору, ал жерде жумуш жана башка максаттар үчүн каттамдар жасалат. Экинчи орунда Ленин району турат.

"Ошондой эле Ленин жана Октябрь райондорунун тургундары баарынан көп башка райондорго барышат. Бул турак жай курулуштарын жана калкты тартуу түйүндөрүн-жумуш орундарын, окуу жана эс алуу жайларын жайгаштыруудагы дисбаланстын байкалгандыгынан кабар берет.

Алынган маалыматтар натыйжалуу жана тең салмактуу шаардык транспорт системин долбоорлоо жана коомдук транспорт кызматтарын жакшыртуу үчүн колдонулат",- дешти мэриядан.