super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"Сүйүүсүн биринчи билдире алат". "Алыскы шаар" сериалынын жылдызы Алья тууралуу фактылар

 

Түрк сериалдарын жакшы көргөн инсандардын катарын толуктайсызбы? Учурда социалдык тармактарда "Алыскы шаар" сериалы көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болуп жатат. Сериал кызыктуу сюжети жана профессионалдуу актёрлору менен көрүүчүлөрдү өзүнө тартууда. Бул сериалда башкы ролдордун бирин ойногон (Алья) Синем Үнсал боюнча аз, бирок кызыктуу маалыматтарды топтодук.

Синем Үнсал 21-июнда 1993-жылы интернационалдык үй-бүлөдө төрөлгөн: атасы азербайжан, апасы черкес. Синем бала кезинде Измир облусунун Фоча шаарында жашаган. Орто мектепти аяктагандан кийин колледжге тапшырып, Эскишехирге көчүп кеткен. Интервьюларында актриса эки шаар окшош экенин айткан. Бирок, кийин Синем Стамбулга жаңы келгенде анын масштабы жана көчөлөрдөгү адамдардын саны аны абдан таң калтырган.

Эскишехирде Осман Гази университетин бүтүрүп, адабият боюнча билим алган. Бир аз редактор болуп иштеген. Синем кийин театрга кызыгуусу артып, актёрдук курска тапшырган. Түрк жылдызы телесериалга тартылууну жогору жактан келген белги деп эсептейт.

Синем Үнсалдын актёрдук карьерасы өзгөчө кеңири эмес. Анын телекөрсөтүүдөгү дебюту 2017-жылы болгон. Жаш актриса "Венера" сериалында Гүнештин экинчи пландагы ролун ойногон. Ал "Ак-Кара сүйүү" (2017–2018) сериалына тартылгандан кийин популярдуулукка ээ болгон. "Менин кызым" (2018–2019) сериалында ойногон. Ал эми кезектеги "Керемет доктор" (2019–2021) долбоорунда Синем өз кесибин чындап сүйгөн дарыгер Назлинин образын жараткан. Бул ролу ал үчүн маанилүү болгон. Синем маегинде сценарийди окуп баштаганда эле Назлыны жактырганын айткан.

Акыркы убакка чейин жылдыздын жеке жашоосу күйөрмандары үчүн табышмак болуп келген. Маалымат каражаттары Синемди актёр Кыванч Кылынч менен болгон мамилесин жазып чыгышкан. Инстаграмда Үнсал Кыванчты туулган күнү менен куттуктап, чогуу түшкөн сүрөттөрүн көп жолу жарыялаган. Бирок актёрлор жеке мамилелери тууралуу расмий билдирүү жасашкан эмес.

2023-жылы Синем менен актёр Берк Чанкаттын сүрөттөрү пайда болгон. Экөөнүн кол кармашып, чогуу басып жүргөнүн тартып алышкан. Бир нече убакыт бою түгөйлөр мамилеси тууралуу үн каткан эмес, бирок 2024-жылдын февралында Үнсал берген маегинде тастыктаган.

Учурда Синем Үнсал "Алыскы шаар" сериалында башкы ролду ойноону улантууда. Бул сериал актрисага атактуулукту алып келди. Учурда анын күйөрмандары көбөйүүдө.

Кыскача фактыларды билип алыңыз:

  1. Түрк актрисасы тасмаларда гана эмес, театрда дагы ойнойт.
    2. Учурда анын фильмографиясында бир дагы толук метраждуу тасма жок — ал телесериалдарда гана тартылат.
    3. Анын сүйүктүү жазуучусу - Достоевский. Эгерде ал кандайдыр бир тарыхый инсан менен сүйлөшө алса, ал Федор Михайлович болмок. (интервьюда айткан)
    4. Актриса эркекке болгон сүйүүсүн биринчи болуп билдире алат.
    5. Синем музыкалык спектаклде роль жаратууну кыялданат.
    6. Ал ар дайым оң буту менен жаңы жерге кирет. Бул аны ар кандай кыйынчылыктардан коргойт деп эсептейт.
    7. Актриса вегетарианка. Жана диета дагы кармап турганга аракет кылат.
    8. Актриса визуализацияга жана кыялдар дайыма орундала турганына ишенет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: