super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Борбор калаада Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү (фото)

 

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага мэр Айбек Жунушалиев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов, Улуттук тил комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, Республикалык "Кыргыз тили" коомунун президенти Раимжан Курбанов, мэриянын аппарат кызматкерлери, маданият тармагынын кызматкерлери, шаар тургундары, мугалимдер катышты.

Айбек Жунушалиев салтанаттын катышуучуларын майрамы менен куттуктап, кыргыз тилин сактап, өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

"Кыргыз тили ааламда теңдеши жок "Манас" эпосун түзгөн дүйнөдөгү эң байыркы тилдердин бири. Мамлекеттик тилди колдоо жана өнүктүрүү – өлкөбүздүн келечегине болгон инвестиция",- деди ал.

Мамлекеттик тил күнүн майрамдоонун алкагында Бишкек шаарынын мэриясы муниципалитеттин түзүмдү жана аймактык башкармалыктарынын кызматкерлерин Ардак грамота жана ыраазычылык баракчалары менен сыйлады. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия да сыйлыктарын тапшырды.

"Кыргыз руху" фольклордук ансамбли, Бишкек шаарынын мэриясынын эл аспаптар оркестри жана белгилүү аткаруучулар өнөрлөрүн тартуулашты. Көрүүчүлөр кыргыз маданиятынын байлыгын жана өзгөчөлүгүн чагылдырган музыкалык жана поэтикалык чыгармаларга күбө болушту.

Ошондой эле кыргыз тилин мындан ары өнүктүрүү, жаштар арасында кеңири жайылтуу, көп улуттуу өлкөдө улуттук биримдиктин жана маданий өзгөчөлүктүн символу статусун бекемдөөгө багытталган демилгелер талкууланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: