Трамп TikTok’ту сатып алчу америкалык өнөктөштөрдү атады
АКШ президенти Дональд Трамп TikTok социалдык тармагынын америкалык консорциум тарабынан сатып алынышы пландалып жатканын билдирип, ага кирген белгилүү ишкерлерди атады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, Oracle компаниясынын негиздөөчүсү Ларри Эллисон, Dell компаниясынын жетекчиси Майкл Делл, News Corp медиа тобунун негиздөөчүсү Руперт Мёрдок жана анын уулу Лаклан Мёрдок консорциумдун курамына кирет.
Ак үйдүн маалымат катчысы Каролин Левитт Oracle жетектеген жети адамдык кеңеш АКШдагы колдонуучулардын маалымат коопсуздугун көзөмөлдөөрүн, анын алты мүчөсү америкалык болорун айтты. Платформанын алгоритми да америкалык тараптын көзөмөлүндө болот.
TikTok боюнча АКШдагы талаш 2024-жылы кабыл алынган мыйзамдан кийин күчөгөн. Ал мыйзамга ылайык, TikTok'тун негизги ээси ByteDance үлүшүнүн 80 пайызын америкалык тарапка өткөрбөсө, тиркемеге өлкөдө тыюу салынмак. Трамп бул мөөнөттү бир нече жолу узарткан. 19-сентябрда Трамп менен Кытай лидери Си Цзиньпин телефон аркылуу сүйлөшүп, компаниянын келечегин талкуулаган. Трамп сүйлөшүү жемиштүү өткөнүн айтып, макулдашууну "формалдуулук" деп мүнөздөдү.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















