super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Ошто ички иштер органдарында 35 жылдан ашуун иштеген кызматкер ардактуу эс алууга узатылды

 
Кечээ, 22-сентябрь күнү Ош облусунун ички иштер башкармалыгында ички иштер органдарында 35 жылдан ашуун кызмат өтөгөн Финансы-чарбалык бөлүмдүн чарбалык камсыздоо кызматынын автоунаа боюнча тескөөчүсү, милициянын подполковниги Канат Шакировду салтанаттуу түрдө ардактуу эс алууга узатуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Ага башкармалыктын башчысы Нурланбек Бурканов, Ардагерлер кеңешинин тѳрагасы Курсан Камчиев, өздүк курам жана ардактуу эс алууга узатылып жаткан кызматкердин жакындары катышты.
Анда Канат Шакировдун эмгек жолу жана жетишкендиктери баяндалып, анын жараткан ийгиликтери үчүн жубайына жана бир туугандарына жетекчилик тарабынан ыраазычылык айтылды.
Андан ары ардагер Шакировду коштоп келген жакындары жана достору куттуктоо сөз сүйлөшүп, каалоо-тилектерди айтышты.
Соңунда өздүк курам салтанаттуу саптык жүрүш менен басып, эстеликке сүрөткө түшүштү.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: