"Аутизмге алып келет". Трамп кош бойлуу аялдарга парацетамолду колдонууга тыюу салды
АКШнын президенти Дональд Трамп кош бойлуулук учурунда "Тайленол" (Tylenol, негизги активдүү заты - парацетамол) дарысын колдонбоого чакырды. Анын айтымында, бул дарынын аутизм менен мүмкүн болгон байланышы бар. Трамп кошумчалагандай, жакын арада америкалык дарыгерлер бул дарыны кош бойлуу бейтаптарга сунуштоодон баш тартышат.
"Тайленолду" колдонуу жакшы эмес. Ушул себептен улам аялдарга кош бойлуу кезинде, эгерде бул медициналык жактан абдан зарыл болбосо, колдонбоону сунушташууда. Мисалы, дене табы өтө жогору болуп кеткен учурда гана колдонуу керек",- деди Трамп Ак үйдөгү брифингде.
AFP агенттигинин белгилешинче, көпчүлүк адистер бул дарыны кош бойлуулук маалында ооруну басуучу эң коопсуз каражаттардын бири деп эсептешет. Ал эми "Тайленол" дарысын чыгарган Kenvue компаниясы АКШ бийлигинин тыянагына макул эмес.
"Биз көз карандысыз жана ишенимдүү илимий маалыматтар парацетамолду (ацетаминофенди) колдонуу аутизмге алып келерин тастыктабай турганын так көрсөтөт деп эсептейбиз. Биз бул тууралуу айтылган бардык тескери дооматтар менен таптакыр макул эмеспиз жана мунун болочоктогу энелердин саламаттыгына тийгизе турган коркунучу бизди катуу тынчсыздандырат",- деп айтылат компаниянын маалыматында.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















