super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Индонезия президенти: "Палестина таанылса гана Израилди тааныйбыз"

 

Индонезия президенти Прабово Субианто өлкөсү Израилди Палестина мамлекетин тааныган учурдан тартып гана тааный турганын билдирди. Ал бул билдирүүнү БУУнун алдында өткөн "Палестина маселесине чечим табуу жана эки мамлекеттүү чечимди ишке ашыруу" боюнча жогорку деңгээлдеги конференцияда жасады.

Субианто бул куралдуу кагылыш башталгандан бери Газадагы чабуулдардан миңдеген жай тургундар, балдар курман болгонун айтып, бардык тараптарды Палестинаны таанууга, Газадагы гуманитардык кырсыкты токтотууга жана тынчтыкты камсыздоого чакырды.

Ал Франция, Канада, Австралия, Улуу Британия жана Португалия Палестинаны мамлекет катары таанып "тарыхтын туура тарабында турушат" деп белгилеп, Индонезия да тынчтык үчүн өз салымын кошууга даяр экенин кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: