Сахара – закымдардын, кумдуу бороондордун мекени

Сахара – Африка континентинен орун алган дүйнөдөгү эң чоң чөл. Батыштан чыгышка карай 4800, түндүктөн түштүккө карай 800-1200 чакырым узундукта созулуп жатат. Жалпы аянты менен Африка континентинин 25 пайызга жакынын ээлейт. Батыш тарабынан Атлантика океаны, чыгышынан Кызыл деңиз, түндүгүнөн Атлас тоолору жана Жер ортолук деңизи менен чектешет. Аталган чөл 11 өлкөнүн, атап айтсак, Алжир, Египет, Ливия, Мавритания, Мали, Марокко, Нигер, Судан, Тунис, Чад жана чек арасы талаштуу (такталбаган) Батыш Сахаранын канча бир аянттарын өз ичине камтыйт.
Чөлдүн аянты жыл өткөн сайын кеңейүүдө
1 жыл ичинде кум түштүккө карай 6-10 чакырымга чейин шамал, бороон аркылуу жылып барат. Чөлдө аракеттеги жанар тоолору бар Ахаггар жана Тибести тоо кыркалары жайгашкан.
Африкадагы кээ бир элдер Сахараны кумдуу деңиз деп да аташат.
Чөлдүн Нил жана Нигер дарыяларынын өрөөндөрүн, оазистүү аймактарын гана эл турактап, көз кайкыткан калган бөлүктөрү ээн жатат.
Сахаранын Алжир Республикасына жакын жайгашкан аймагында Акакус деген тоолуу аймак бар. Андан аска беттеринде тартылган түркүн сүрөттөр кездешет. Анткени бул аймакта илгери цивилизациясы өнүккөн адамдар жашашкан дейт айрым окумуштуулар.
Илгери саванна болгон
Окумуштуулардын изилдөөлөрүнө таянсак, мындан 10-12 миң жыл мурда адамдар Түндүк Африкада алгач пайда болгон учурда Сахара чөл эмес, саванна (талаа) болгон. Кийин ысык күчөп, кургакчылык башталган. Жан-жаныбарлардын ысыкка чыдамдуулары гана калып, калгандары жер оодарып кетишкен. Адамдар да көчүп кетишип, суусу бар жерлерди байырлаган аз гана адам топтору калган. Алар мал багып, улам бир жерге көчүп отурушкан. Ал элден азыр туарегдер менен берберлер белгилүү.
Жайында аба ырайы күндүзү максималдуу түрдө 59-70 градуска чейин жетиши мүмкүн. Кышкысын тоолуу аймактарында суук -18 градустун айланасын түзөт. Андыктан суукта тоңуп өлгөндөр көп. Чөлдүн ички аймактарында бир нече жылдап тамчы тамбаган жерлер кездешет.
Сирокко – түшүмдү талкалоочу шамал
Сахара – ырайымсыз шамал, бороондордун мекени. Орточо эсеп менен 100 күндүн 6 күнүндө гана шамал болбошу мүмкүн.
Жайдын башталышында Сахаранын түндүк тарабынан сирокко ысык шамалы согот. Ал өз жолундагы оазистеги түшүмдү бир нече саатта талкалап, жок кылып сала алат. Бул шамал 50 күн катары менен соккондуктан элде “хамсин” (50 күн) деп да аталат.
Кумдуу бороондор башталганда айлана-тегеректи чаңдуу-кумдуу туман каптап калат. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 50 метрге чейин жетет. Мындай учурда төөнүн комдорун 200 метрге чейин учуруп, муштумдай таштарды тоголотуп, учуруп алып жүрөт. Адамдар тургай жаныбарлар да жолдон адашып, бороондун айынан кум, чаңга көмүлүп каза тапкандар кездешет.
1 жылда 150 миңге чейин закым катталат
Закымдардын кээ бири, мисалы, оазис же кудук дайыма бир жерден гана көрүнсө, кээ бирлери улам бир жерлерден жолугат. Андыктан Сахаранын картасында кайсы жерде кандай закымдар жолуга тургандыгы да белгиленип коюлат. Саякатчылар, чөлдү байырлаган адамдар алдындагы көрүнүш закым экендигин ажыратыш үчүн от жагышат. Анткени шамал болуп турган учурда түтүн закымды таратып жиберет.
Чөлдө өсүмдүктөрдүн 1200дөй түрү жолугат. Мисалы, тоолуу жерлеринде тамариск, кипарис, акация кездешсе, оазистерде курма дарагы, анжир, таруу, жашылча жана башкалар өстүрүлөт. Негизи чөлдө бетеге, шыбак көп кездешет. Жаныбарлардан антилопа түрлөрү, аддакс, орикс жана темгилдүү чөө, кош аяк, узун кулактуу түлкү (фенек) жана башкаларды көрүүгө болот. Кескелдирик, бөйөн, таш бака, хамелеон, кобра, гадюкалар чөл ээлери катары өздөрүн эркин сезишет.
Чөлдүн аймагынан мунайзат, газ, темир, жез, алтын, вольфрам, уран жана башкалар өндүрүлөт.
Макала "Супер-Инфо" гезитине таандык.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















