super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

11 жаштагы окуучу жайкы үй тапшырмасын бир күн кечке жасайм деп реанимацияга түшүп калган 

 

Кытайда Хунань провинциясынын Чанша шаарынын тургуну, 11 жаштагы Лянлян аттуу мектеп окуучусунун окуясынан кийин чыр чыкты. Жайкы үй тапшырмасын бир күндө бүтүрүүгө аракет кылган бала ооруканага жаткырылган.

Тапшырмаларын эртең мененки саат сегиз чамасында баштагандан кийин ал дээрлик тыныгуу албай кечке чейин уланткан. Акырында анын абалы тездик менен начарлап кеткен. Колу-буту жансызданып, дем алуусу тездеп, башы ооруп, катуу айланган. Эң коркунучтуусу манжалары бүгүлүп, түздөй албай калган.

Корккон ата-эне баласын ооруканага жеткирген, ал ренимацияга түшкөн. Дарыгерлер гипервентиляция жана катуу чарчоо себеп болгонун аныкташкан. Мындай шарттар адам өтө тез жана терең дем алганда пайда болуп, кандагы көмүр кычкыл газынын азайышына алып келип, кан тамырлардын жана булчуңдардын спазмын пайда кылат. Бул манжалардын кысылуусун жана уйкусун түшүндүрөт. Дарыгерлер жардамы менен баланын абалы бара-бара турукташкан.

Лянляндын окуясы кытайлык социалдык тармактарга тез тарап, кызуу талкууларды жаратты. Көптөгөн ата-энелер ушундай жагдайга туш болгонун айтышкан.

Дарыгерлер мындай эпизоддорду кокустук катары кароого болбойт деп белгилешет. Узакка созулган стресс, эс алуунун жоктугу, туура эмес дем алуу, тынчсыздануу дени сак баланы да оор кесепеттерге алып келет.

Дене уюп, талып калуу же баш айлануу сыяктуу симптомдор стрессти дароо токтотууну жана адистер менен кеңешүүнү талап кылган эскертүүчү белги болуп саналат. Ата-энелер баласына көзөмөл жана тартип гана эмес, үзгүлтүксүз тыныгуулар, жетиштүү уктоо жана колдоо керек экенин түшүнүшү маанилүү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: