Орусияда шектүү тууганын өлтүрүш үчүн киллер жалдаган
Орусияднын Омск шаарынын Марьяновский районунун тургуну өзүнүн аталаш тууганын өлтүрүүгө аракет кылган. Ал киллер жалдаган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Алдын ала маалымат боюнча, 41 жаштагы тургун бизнесте жеке менчикке ээлик кылууну көздөп, шеригин жок кылуу планын иштеп чыгып, киллерге кайрылып, бул жумушка 4700 доллар сунуштаган.
Бирок кылмышка катышууну каалабаган киллер милицияга кабарлаган. Кардардын жана киши өлтүргүч делген адамдын кийинки аракеттери атайын кызматтар тарабынан көзөмөлдөнүп турган.
Кардардан өнөктөшүнүн өлтүрүлгөнү тууралуу маалыматты жана кылмыш болгон жерден (фейк) сүрөттөрдү алгандан кийин, киллер 2700 доллар алган, башында 2000 доллар алып, кылмыштан кийин 2700 доллар алган. Акчаны тапшыргандан кийин шекүү милиция тарабынан кармалган.
Бул окуя боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө иштери уланып, айыпталуучу эки айга камакка алынды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















