super.kg logo

Бишкекте курулуш компаниясынын өкүлү алдамчылыкка шектелип кармалды

 

Бишкекте алдамчылыкка шектелип 41 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен кайрылган жаран "Спец Гидро Энерго Строй" ЖЧКсынын жооптуу адамына карата мыйзамдуу чара көрүп берүүнү суранган. Анын айтымында, шектүү былтыр 9-январда Каралаев көчөсүндө жайгашкан үйдөн 1 бөлмөлүү батир берүү шылтоосу менен 2 миллион 786 миң 523 сомун алып, бүгүнкү күнгө чейин убадасын аткарбай жүргөн.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Борбор калаа милициясы учурда шектүүгө карата 19 кылмыш иши козголгонун кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: