Окумуштуулар Трамптын парацетамол менен аутизмдин байланышы тууралуу билдирүүсүн четке какты
АКШнын президенти Дональд Трамптын кош бойлуу аялдарга парацетамол дарысын колдонууга тыюу салып, бул дары аутизмге себеп болорун айткан билдирүүсү окумуштуулар жана изилдөөчүлөр тарабынан катуу сынга алынды.
Алардын айтымында, Трамп көп жылдык илимий изилдөөлөрдү жокко чыгарып, элге жалган жана далилсиз маалымат берип жатат. Бул энелердин жана ымыркайлардын өмүрүнө коркунуч жаратат. Бул тууралуу Bloomberg жазып чыкты.
Трамптын билдирүүсүн АКШнын акушердик жана гинекология колледжи менен Америка педиатрия академиясы айыптады. Алардын билдирүүсүндө, мындай бурмаланган маалыматтар аутизм менен жабыркаган адамдарга зыян алып келет жана бул темада жоопкерчиликсиз билдирүүлөрдү берүү кооптуу болуп эсептелет.
Колумбия университетинин клиникалык окумуштуусу, 25 жылдан бери балдардагы аутизмдин пайда болуу себептерин изилдеп келген адис Мэди Хорниг Ак үй тараптан таратылган бул идеялар чындыкты бурмалап жатканын билдирди.
"Бул сөздөрдөн улам дене табын түшүрбөй койсо болот дегендей пикир жаралат. Бирок биз жүргүзгөн Норвегиядагы изилдөөлөр көрсөткөндөй, кош бойлуулук учурундагы орточо же күчтүү дене табы, айрыкча экинчи триместрде, аутизм коркунучун 40 пайызга көбөйтөт. Ал эми парацетамол колдонуу бул коркунучту азайтат",- деди ал.
Эске салсак, АКШнын президенти Дональд Трамп кош бойлуулук учурунда "Тайленол" (Tylenol, негизги активдүү заты - парацетамол) дарысын колдонбоого чакырган. Анын айтымында, бул дарынын аутизм менен мүмкүн болгон байланышы бар. Трамп кошумчалагандай, жакын арада америкалык дарыгерлер бул дарыны кош бойлуу бейтаптарга сунуштоодон баш тартышат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















