super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Эдил Байсалов Эл артисти Замирбек Сооронбаевден кабар алды (фото)

 
23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнүнүн урматына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз маданиятына зор салым кошкон Эл артисти Замирбек Сооронбаевдин ден соолугун сурап үйүнө барды. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Жолугушуу маалында Эдил Байсалов улуу муун өкүлдөрүнүн эмгегин урматтоо, алардын чыгармачылык мурасын кийинки муунга жеткирүү мамлекеттин негизги милдеттеринин бири экенин белгиледи. Байсалов министрлер кабинетинин төрагасынын резервдик фондунун атынан Замирбек Сооронбаевге материалдык жардам тапшырып, анын кыргыз маданиятындагы ордун белгилеп, бекем ден соолук, узак өмүр, кажыбас кайрат каалады.
Өз кезегинде Замирбек Сооронбаев мамлекеттик деңгээлдеги колдоого ыраазычылыгын билдирип, төраганын орун басарына өз калемине таандык, басмаканадан жаңы чыккан китебине кол жазма калтырып, белек кылды.
Эске салсак, Кыргыз Эл артисти, театр жана кино актёру Замирбек Сооронбаев 2015-жылы Караколго болгон иш сапарында инсульт алып, 10 жылдан бери ден соолугун чыңдап үйүндө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: