"Биз бир аз эскирдик". Депутат Сатыбалдиев кийинки шайлоого барбастыгын билдирди
Депутат Элмурза Сатыбалдиев Жогорку Кеңеш таркаса, кийинки парламенттик шайлоого катышпай турганын билдирди.
Ал бүгүн, 23-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында парламент жаңыланышы керектигин белгиледи.
"Мыйзамдын негиздеп жатканда "биз бир аз эскирдик" деп да кошуп койсо болобу? Мисалы, мен эмнеге барбайм? Жашым жетип калды, балким, биздин мамлекетти башкаруу, мыйзам чыгаруудагы ойлорубуз эскирди. Ошон үчүн жаңы адамдар келип, жаңылансын", - деди эл өкүлү.
Аталган комитет VII чакырылыштагы Жогорку Кеңешти таркатуу жөнүндөгү демилгени карап, жактырды.
Айта кетсек, кечээ, 22-сентябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутат Улан Бакасов парламент таркаса, кийинки парламенттик шайлоого катышарын билдирди.
Депутат кийинки шайлоого барбастыгын билдирди
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















