super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Баткенде шайлоо мыйзамына кирген өзгөртүүлөр боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

 
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жана президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты конституциялык мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Маалым болгондой, бүгүн, 23-сентябрда Баткен шаарында өткөн жыйынга президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын өкүлү Мейкинбек Абдалиев, район, шаар башчылары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө шайлоо мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр, добуш берүү тартиби кеңири түшүндүрүлдү.
Белгилей кетсек, калк арасында көп мандаттуу шайлоо округунда добуш берүүдө шайлоочу шайлоо бюллетенине үч талапкерге чейин добуш бере алат деген түшүнүк калыптанган. Бирок конституциялык мыйзамдын 31-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоодо шайлоо бюллетенине өзү тандаган бир гана талапкерге белги коёт, же болбосо “Баарына каршы” позициясына белги коёт деп так белгиленген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: