Бишкекте 18 жаштагы жигит интернет алдамчылыгына шектелип кармалды
Бишкекте ири суммадагы интернет алдамчылыгына шек саналып 18 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда борбор калаанын ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 16-сентябрда милицияга кайрылган жаран 1-сентябрдан 11-сентябрга чейинки аралыкта белгисиз адамдар өздөрүн банк жана күч органдарынын кызматкерлери катары тааныштырып, ишенимине кирип, батирин 8 миллион 880 миң сомго сатууга көндүрүп, акча каражаттарын өздөрүнүн банктык эсептерине которуп алышканын айткан. Андан соң алар менен болгон байланыш үзүлгөн.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Электрондук төлөм каражаттарын, виртуалдык актив капчыгын жана SIM-карталарды үчүнчү жактарга атайылап берүү же сатуу" беренеси менен кылмыш иши козголду. Натыйжада шектүү алдамчылык схеманы ишке ашыруу максатында банктык карталарды активдештирип, жабырлануучу адамды батирин сатууга да көндүргөн делип камакка алынды.
Учурда аталган алдамчылык схеманын башка катышуучуларын аныктоо үчүн бардык тиешелүү тергөө иштери уланууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















