super.kg logo
  Саясат  

Икрамидин Айткулов, адвокат: "Бийлик бул кылмыштын бетин ачкысы келбей жатабы?"

 
Адвокат Икрамидин Айткуловдун сабалышы боюнча козголгон кылмыш токтотулду. Мындай маалыматты 13-январда жактоочу социалдык тармактагы өздүк баракчасына жазып чыкты. 
Адвокат ИИМ, Бишкек ШИИББи кол салууну өз көзөмөлүбүзгө алабыз деген сөздөрүнө турбай, кылмыш ишин Свердлов РИИБинин жаш тергөөчүсү карагандыгын жазган. 
"Экспертизанын чыгарган чечиминде менин жаракаттарым боюнча корутунду туура эмес чыккан. Анда мени бутумдан 0,5х0,5 сантиметр өлчөмүндөгү жаракат алган деп калпты жазып коюшуптур. Эмне, бир эле соккудан 2 сөөгүм сынмак беле? Чындыгында мен балтырымдан 4 жаракат алгам. Ал эми 13-январда кылмыш ишин кароону токтотуп коюшту. Жадакалса мен айткан версияларды дагы текшеришкен жок. Бийлик бул кылмыштын бетин ачкысы келбей жатабы?” деп билдирүү жазган.
Эске салсак, 13-ноябрь күнү кечинде Икрамидин Айткуловду сабап кетишкен. Адвокаттын буту, тиштери сынганы, акчасы уурдалганы айтылып, шаардагы №4-ооруканага жаткырылган. 
Белгилей кетсек, И.Айткулов 2012-2013-жылдары сотто Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Камчыбек Ташиевге жактоочулук кылган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: