Бишкектин мэри боюнча тараган маалымат жалган экени айтылды
Социалдык тармактардагы Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кызматынан алынды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Ал ири шаарлардын жетекчилери, министрлер жана башка кызмат адамдары президенттик шайлоо өткөнгө чейин өз милдеттерин аткарууну улантышарын белгиледи.
"Алардын ишинде олуттуу кемчиликтер же мыйзам бузуулар аныкталган шартта гана өзгөчө учур болушу мүмкүн. Бул убакка чейин эч кандай кадрдык алмашуулар, анын ичинде кызматтан кетүүлөр же дайындоолор пландалган эмес. Мындай ыкма учурдагы команданын ишинде туруктуулукту жана ырааттуулукту сактоого багытталган. Ушуга байланыштуу жарандарды, ЖМК өкүлдөрүн жана социалдык тармактардын колдонуучуларын такталбаган маалыматтарды жана ар кандай ушактарды жайылтуудан карманууга чакырам", - деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















