Жогорку Кеңеш Сүйүнбек Касмамбетовдун БШК мүчөлүгүнө талапкерлигин жактырды
Бүгүн, 24-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнүн 2 бош орунуна Сүйүнбек Касмамбетов менен Кабылбек Мамбетаиповдун талапкерлигин карап, жактырды.
Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Касмамбетов менен Мамбетаиповдун иштерине ийгилик каалап, "жакында шайлоо болот деп жатат. Шайлоо болуп калса, таза иштеңиздер",- деди.
Белгилей кетсек, буга чейин БШКнын мүчөлүгүнөн Гүлшаркан Култаева жана Анар Дубанбаева бошотулган.
Эске салсак, май айында Сүйүнбек Касмамбетов мамлекеттик катчы кызматынан кеткен. Кабылбек Мамбетаипов Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын директорлук кызматын аркалайт.
Жогорку Кеңеш Сүйүнбек Касмамбетовдун БШК мүчөлүгүнө талапкерлигин жактырды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
15:55
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















