Ак эмгектен чыгармачылыкка чейин... Италиядагы мекендешибиз Медина менен маек
SUPER.KG порталынын "Ийгилик жаратууга дем берген жаштар" рубрикасынын бул жолку каарманы Италияны багындырып жүргөн Медина Рустамовна менен болмокчу. Ал мигрант болуп кетсе дагы кыргыз тилинин өнүгүшүнө зор салым кошуп, социалдык түйүндөрдөгү баракчасы аркылуу блогерликти колго алган кыздардын бири. Медина өзү үй кызматкери болуп иштегени менен, күнүмдүк турмушун чагылдырып жатып, өзүнө жүз миңдеген көрүүчү топтой алды. Анын негизги блогу Италиядагы кооз жерлерди сүрөттөп, аны мамлекеттик тилде жеткиликтүү жеткирүү болуп саналат.
Көпчүлүк интернет колдонуучулары аны "шеф апже" деген видеолорунан таанышат.
- Саламатсызбы? Өзүңүз тууралуу айтып кетсеңиз.
- Мен 2001-жылы 1-сентябрда Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Темир-Канат айылында туулгам. 2019-жылы мектепти аяктаган соң, Кыргыз улуттук университетине окууга тапшырып, аны 2023-жылы ийгиликтүү аяктадым. Ошол жылы анан Италияга жол тарттым. 5 бир туугандын экинчисимин. Эжем, мен, эки иним жана сиңдим бар. Ата-энем учурда айылда турушат.
- Эмне себептен Италияга барууну чечтиңиз? Ал жакка кантип барып калдыңыз?
- 3-курста окуп жүргөндө Ошко барышым керек болуп калды. Ошондо мен эч жакка чыкпай эле, Бишкек менен Ысык-Көлдүн ортосунда эле жүргөнүмдү сездим. Максат коюп, Кыргызстандын кооз жерлерин түрө кыдырып көрүүнү ишке ашыра баштадым. Бул саякаттоолорум мага шык берип, жаш, күлгүн курак кезде чет өлкөлөрдү кыдырууга шыктандырды. Окууну аяктап, иштеп, акча топтоп жүргөнчө мен убактымды кетирип коёрумду сездим. Анан да Кыргызстанда алган айлыгым менин саякаттоо планымды толук каржылап беришине көзүм жеткен жок. Демек, мен чет
мамлекетке мигрант катары чыгып болсо да, көздөгөн максатымды ишке ашырууга белсендим. Эмнеге Италияны тандадың десеңиздер, бул жакта менин эжем бар. Мага колдоо көрсөтөт деп ишенип, документтеримди жасатып, визамды алып келе бердим.
- Италияга барганда башында кандай кыйынчылыктар болду? Тил маселесичи?
- Эгерде мен жалгыз келгенимде, же таанышым жок болгондо өтө чоң кыйнчылыктарга дуушар болмокмун. Бирок эжем бардыгы мени Италияга көнүп кетишиме чоң өбөлгө түздү. Бирок тил жагынан кыйынчылык жаралды. Өзгөчө жумушка орношкондо кыйналдым. Дудук адамдардай эле, өзүмө өзүм батпай иштеп жүрдүм. Жумуш берүүчүлөр жаныма келип толгон-токой кеп айтат, сен жөн гана сүйлөй албай туруп бересиң. Колун жаңсап кеткенде ызаланып, өзүмдү жемелеп көп жүрдүм. Бирок адамда бир аз сабырдуулук менен аракет керектелет экен. Тынымсыз аракетимдин арты менен италиянча эркин сүйлөп калдым. Кылган эмгегимдин, кейиген күндөрүмдүн акыбети кайта баштады.
- Үй кызматчы болуп иштөөнү кандай кабыл алдыңыз?
- Кыргызстандан план кылып келе жатканда эле өзүмдү даярдай баштадым. Кыргыздын кыздары тирилик кылып көнгөнбүз. Үйрөнүп кетсе болоруна көзүм жеткен. Болгону аны досторума, жакындарыма айтуу кыйын болду. "Эл эмне дейт" деген сөз ар бир кыргызды бушайманга салгандай эле, мен да аларга кантип айтам деп уялып жүрдүм. Айрым учурларда тааныштар менен байланышты үзүп коюуга туура келди. Айрымдары менен телефон аркылуу байланышып жатып, жумуш жөнүндө сөз башталганда акырын өчүрүп койчумун.

- Блогер болууну кайсы учурда туура көрдүңүз? Буга чейин жакындарыңыздан жашырып жүргөн жумушту коомчулукка алып чыгуу оор болбодубу?
- Кыргызстанда жүргөндө эле кызыктуу маалыматтарды инстаграмдагы катталуучуларым менен бөлүшүп турчумун. Мага ал нерсе абдан жагат. Саякаттасам баарын төкпөй-чачпай айтып берип турам деген пландар бар болчу. Анан Италияга келгенде мүмкүнчүлүктөр болуп турганы менен жумуш арасында аны жасоого мүмкүнчүлүк жок эле. Анан мен да ага даяр эмес элем. Анан өзүмдү үй кызматкери катары кабыл алып, бул багытта блог тартып, коомчулукка алып чыгууга бир жыл даярдык көрдүм. Мен таза эмгек менен кызмат кылып, анын акысын алып, ак дилден иштеп жаткандыгымдан уяттуу эч нерсе таппадым. Өзүмдү психологиялык да, маралдык жактан да даярдадым. Саякат, тарых жана маданият жөнүндө сүйлөп берейин десем ишим калып калат. Анан чечим чыгарган соң, үй тиричилиги, италиялыктардын өзгөчөлүгү, алардын тамактары тууралуу блог алып баруу менен баштадым. Ошентип отуруп бүгүнкү күндө өз күйөрмандарымды, мени тыңдоочу адамдарды топтой алдым. Жумуш арасында чыгып эс алган жерлеримди айтып берип турам.
- Үй кожойкеси тартып чыгарып жатканыңызга каршылыгын көрсөтпөдүбү?
- Башында унчукпай эле тартып баштагам. Андан кийин менин тартып жатканымды көрүп эле жүрдү, бирок эч нерсе деген жок. Ошону менен эле калдык. Анда-санда ага дагы видео жасап берип коём.

- Инстаграмдан сизди катталуучуларыңызды 100 миңге жеткирүү аркетин жасап жатканда көрдүм. Кийин “шеф-апже” деп башталган видеолоруңузду күтө баштадым. Ушул нерселерге жетүүнүн артында чоң эмгек жатат да. Канча убактыңызды сарптайсыз? Негизи эле жетишесизби?
- Мени тааныгандар, блог алып барсаң болмок деген кеңеш мага түрткү берди. 100 миңге жетүү кыйын болду. Болбойт экен деп кол шилтеп кетүүнү каалаган учурлар да болду. Кайра өзүмдү камчылап жатып ишти колго алдым. Чоң мээнет кетти. 2 саат убакыт табылып калса эле текст жазып, видео монтаждап, текшерип, үн коштоп, айтор, чыккан видеолордун артында жалгыз иш алып бардым. Анан блокторумдагы "шеф апче" менин фишкам болуп калды. Мындан тышкары, саякаттарым өз угармандарын да тапты. Тамак жасасам рецепт сурашат, саякаттасам чыгымын билгиси келет. Башкача айтканда, Италияга мигрант болуп келип, блогер аталдым.
- Италиянын кайсы жерлери сизге өзгөчө жакты?
- Башында айтып өткөндөй, негизи максат эл таанып, башка маданиятка сүңгүп кирүү болчу. Жумушка орношкондон кийин негизги пландарың артка жылып калат экен. Ызаланган учурларым көп болду. Кечке жумушта жүрүп, өмүрүм өтсүн деп келген эмесмин деп өзүмдү урушуп калам. Колум бошоп, эс алуу алганда эле бир жерди пландап жөнөйм. Пульяда да болдум, өзүм Наполиде жашайм, бул жердин тарыхый жайларын, кооз жерлерин көрдүм. Мындан тышкары, Искья, Капри, Панарея аралдарына, Венеция, Рим , Милан шаарларына барып, тарыхый, кооз жайларын көрүп кайттым. Эң эсимде калганы Панарея аралы болду. Ойгонуп эле терезени ачсаң деңиз, андагы кемелер, суунун тунуктугу, кооздуктун баары ошол жерде. Үйлөр жомоктогудай салынган. Жомокко түшүп калгандай болгом. Кайра барып келсемби деген пландарым да бар.

- Ал жактан кантип каражат тапса болот. Кеңеш бере кетсеңиз?
- Италияда жумуш берүүчүлөрдүн үйүндө жатып калып иштесе каражат топтолот деп айта алам. Бирок мигрант болуп эмес, жаштарды билим алууга келүүсүн суранам. Италияда гранттык негизде окууга өтүүгө чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Тил үйрөнүүгө үндөйм. Англис тилин билип алсаңар, дүйнө силерге кучагын ачат.
- Италия сиздин жеке өнүгүүңүзгө кандай таасир берди?
- Мигрант болуп болсо да чет өлкөгө чыкканым жакшы болуптур. Көрдүм, билдим, тил үйрөндүм. Бул жакка келгенде кудугунан башка эч жакка чыкпаган бака сыяктуу сездим өзүмдү. Италиялыктардан үй-бүлөнү пландоо, шарт түзүү, ар бир мазмундуу даталарда жакыныңдын жанында болуу сыяктуу баалуулуктарды өзүмө кабыл алдым. Эркин жана сабырдуу болууга көндүм.

- Мекенге, ата-энеге болгон сагынычты кантип таркатасыз?
- Ата-энем менен телефон аркылуу байланышып, тынбай эле баарлашып турам. Бирок алар менен бир дасторконго чогулуп, жакындарың менен сүйлөшүп отурганды сагынасың. Бул учурда эжеме барсам сагынычым бир аз тарайт. Анан кыргызстандыктар чогулуп ар кандай иш-чараларды өткөрүп турушат. Мен ага активдүү катышып келем. Ошентип Кыргызстанга барбасам да, кыргыздарымды көрүп анча чер жазып алам.
- Келечек пландарыңыз кандай?
- Азырынча социалдык баракчамдагы блогумду дагы да жогорку нукта өнүктүрүү. Ааламдашуу заманында адам баласы агым менен кетүүнү каалайт экен. Мен да тандап алган учурдагы багытымды өнүктүрөйүн деген ниеттемин. Анан калса кыргызстанга барып, документтеримди кайрадан толуктап келип, гранттык негизде, стипендия алып окууга мүмкүнчүлүктөрдү карап жатам. 2-3 пландарым бар, ошолор ишке ашса Кыргызстанга кетем. Ошол жактан англис тилин да мыкты деңгээлде өздөштүрөм деп турам.
- Медина айым, маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Саякат тууралуу маалыматтар менен көп-көптөн бөлүшүп туруңуз, максаттарыңыз ишке ашсын.
кошулду
0

Супер-Инфо
super.kg видео















