super.kg logo

Энрике Иглесиастын Абу-Дабидеги концертине жолдомо өз ээсин тапты

 

Balance.kg Your Agent туристтик агенттиги менен биргеликте 18-сентябрда "Ring my Balance" конкурсунун жыйынтыгын чыгарды. Конкурс үч этап менен өтүп, катышуучуларга Balance.kg колдонмосу аркылуу 100 сомдон жогору суммадагы сатып алууларды төлөө менен сонун байгелерди утуп алууга мүмкүнчүлүк берди.

Башкы байге катары эки кишиге ылайыкталган легендарлуу Энрике Иглесиастын концертине Абу-Дабиге жолдомо ойнотулду. Башка белектердин арасында Алиса менен Яндекс Станция Миди акылдуу колонкалары, ошондой эле "Яндекс Плюс" жазылуусуна жарым жылдык жана бир жылдык промокоддор бар.

Башкы байгенин бактылуу ээси Бишкектен келген каржы секторунун кызматкери Бексултан Каныбеков болду. Жакында ал жакын адамы менен унутулгус саякатка аттанат.

"Конкурстун шарттары жөнөкөй болчу: таксиге, кафедеги заказга же дүкөндөрдөгү сатып алууларга төлөйсүң жана кэшбэк аласың. Balance.kg колдонмосу чынында эле ыңгайлуу жана ишенимдүү", деп бөлүштү жеңүүчү өз таасирлери менен.

Башкы байгеге эмнелер кирет:

  • Бишкектен Абу-Дабиге жана кайра учуу;
  • Төрт жылдыздуу мейманканада жашоо (эртең мененки тамак менен үч түн);
  • Аэропорттон мейманканага трансфер;
  • Энрике Иглесиастын концертине эки билет;
  • Туристтик виза жана камсыздандыруу.

Жаңы акцияларды Balance.kg колдонмосунан жана Компаниянын расмий баракчаларынан байкап туруңуз.

КРУБдун 11.10.2019-жылдагы №2026111019 уруксаттамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: