super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Кышында электр жарыгы өчүрүлүшү мүмкүнбү? Энергетика министрлигинин жообу

 

Жогорку Кеңештин бүгүн, 24-сентябрдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев энергетика министринин биринчи орун басары Эмилбек Ысмановдон кыш мезгилине даярдыктар тууралуу сурап, "кышында электр жарыгын өчүрүүлөр болобу же болбойбу?" деген собол узатты.

Ысманов электр энергиясын керектөөчүлөрдүн саны көбөйгөнүн айтып, кыш мезгилиндеги тартыштык маселесин импорт аркылуу жөнгө салуу мерчемделип жатканын белгиледи.

"Өткөн жылга салыштырмалуу керектөөнүн көлөмү 500 миллион киловатт-саатка өсүп жатат. Анын негизинде коңшу төрт мамлекет менен 4,3 миллиард киловатт-саат (былтыр 3,8 миллиард) электр энергиясын импорттоо боюнча келишим түздүк. Кышындагы дефицит маселесин импорт аркылуу чечебиз.

Импорттолгон электр энергиясы келип турса, туруктуу түрдө беребиз. Эгер эртең менен жана кечинде белгиленген лимиттен көп колдонулса, бизде жөнгө салуучу иш-чараларды жүргүзүүгө туура келет",- деди Ысманов.

Жыйында "2025-жылдын 12-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы "Борбордук Азия – Түштүк Азия электр энергиясын берүү жана сатуу долбоорун кошумча каржылоо "CASA-1000" долбоору боюнча финансылык контрактты ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда кабыл алынды.






Депутат электр энергиясы боюнча

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: