Бишкекте "Дөө Чыңгыздын" адамдары акча талап кылууга шектелип кармалышты (видео)



Бишкекте жарандан опузалап акча талап кылууга шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, 16-сентябрь күнү Бишкек шаарынын Октябрь РИИБиге О.С. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ушул жылдын 13-сентябрь күнү Бишкек шаарынын Ахунбаев жана Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишинен Чыңгыз жана Жаник аттуу жаш балдар өздөрүн кылмыш чөйрөсүндөгү “Дөө Чыңгыз” каймана аты менен таанымал болгон, мурдагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнүн адамдары болорун айтышкан. Андан соң "укук коргоо кызматкерлерине кайрылсаң автоунааңды, үйүңдү өрттөп, өлтүрүп, майып кылып кетем" деп опузалап 30 миң сомун алып, дагы 100 миң сом опузалап талап кылып жатканын билдирген.
Аталган факт боюнча Октябрь РИИБинин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө жана тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында Бишкек шаарынын Исанов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан тамактануучу жайларынын биринен 20 000 сом алып жаткан жеринен, 2000-жылы туулган У.Ж. жана 2004-жылы туулган К.Ч. аттуу шектүүлөр кармалган.
Шектүүлөр Бишкек шаарынын Октябрь РИИБинин Тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Ал эми текшерүү учурунда, алынган маалыматтар боюнча шектүүлөр мурда соттолгондугу аныкталган.
Бишкекте "Дөө Чыңгыздын" адамдары акча талап кылууга шектелип кармалышты
