super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Таласта мамлекетке миллиондогон сом зыян келтирилген мыйзам бузуулар аныкталды

 

Таластын Манас жана Айтматов райондорунда мыйзам бузуулардан улам мамлекетке 32 миллион сомдон ашуун экологиялык зыян келтирилгендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, Манас районунда 2021-жылы райондук мамлекеттик администрациянын жер комиссиясы тарабынан Бакай-Ата токой чарбасынын Чоң-Капка токойчулугунан кум-шагыл алуу үчүн жеке ишкерге уруксат берилген. Көзөмөлдүн жоктугунан 7,95 гектар токой жеринин катмары бузулуп, мамлекетке 32 миллион сомдон ашык экологиялык зыян келтирилген.

Ал эми Айтматов районунун Аманбаев айыл аймагына караштуу Сатыкей айылындагы жайыт жерлерден мыйзамсыз кум-шагыл казылып, 1,081 гектар жер кыртышы бузулган. Натыйжада мамлекетке 1 миллион 245 миң сом экологиялык зыян келтирилген.

Аталган фактылар боюнча кылмыш иштери козголуп, учурда тергөө иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: