super.kg logo

Дайыр Исмадияров: "Өлүмдөн башкасынын баарын көрдүм"

 

"Акыркы жылдары мен корккон бардык нерселер башыма келди. Өлүмдөн башкасынын баарын көрдүм. Ошол нерселердин башка түшкөнүнө да шүгүр деп калдым, анткени азыр Кудайдан башка эч кимден коркпойм. Мен дүнүйөгө аябай жабышкан экенмин, азыр көп нерсе тууралуу ойлонбойм, эркин жүрүп калдым", - дейт ырчы Дайыр Исмадияров биздин медиа порталга интервью берип жатып.

Мындан сырткары, шоу-бизнесте сырдашкан достору жок экенине токтолуп, эң жакындары башка чөйрөдөн экенин айтып берди.

"Жашырбайм, мурун ошондой укмуш кийинген, кычыраган кишилерге тартылчумун. Өзүм да жалаң бренд кийимдерди кийип, күн сайын стилимди өзгөртүп турууга аракет кылчумун. Адам өзгөрөт экен, мурда мага кызык сезилген нерселер кийин баасын жоготуп койду. “Эл көзүнө” деген нерседен арылдым. Жан дүйнөсү таза адамдарга тартылып калдым. Балким, бул 39 жаштан өтүп бараткан адамдын ой жүгүртүүсүдүр. Ызы-чуулуу, динамикалуу жашоого аябай тойдум окшойт, жан дүйнөм тынчтыкты каалап калды. Тойлордо деле көп отура албай калдым. Берчүмдү берип, кеткенге шашам", - дейт ырчы.

Ошол эле үй-бүлөсү, балдары тууралуу да сөз кылды.

"Улуусу мага окшоп шайыр, көп нерсени жеңил кабыл алат. Кичүүсү абдан олуттуу бала. Азыркы балдар башкача ойлонот. Мисалы, жакында баламдын туулган күнү болду, дүкөнгө кирсек “ата, бюджет канча бар?” деп сурайт. “Ушунча” десең, анан оюнчук тандап баштайт. Кичүү муун маркетингдин, жарнаманын курмандыгы болбойт, өзүнө керектүүсүн гана алат. Балдарымдын апасына ыраазымын, балдарымды туура тарбиялайт. Туура тамактанышат, гаджеттерди аз убакыт гана колдонууга уруксат берет, туура уктатат, зыян азыктарды жедирбейт", - деди ал.

Маекти толугу менен Ютуб каналыбыздан көрүңүз!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: