Мөөнөтү өткөн, сатыкка чыгарылган.... Канаттуулар фабрикасында мыйзам бузуулар аныкталды
"Евразия канаттуулар фабрикасы" ишканасында мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Атайын кызмат аталаган фабриканын объекттеринде жана уюмдун жетекчисинин жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлгөнүн белгиледи. Натыйжада муздаткыч жайларда жарактуулук мөөнөтү өткөн өзгөчө ири өлчөмдөгү контрафакттык канаттуулар продуктулары табылган.
Азыктар мыйзамсыз түрдө ата мекендик бренд менен кайра таңгакталып, базарларда жана гипермаркеттерде сатыкка коюлуп келген.
Мындан тышкары канаттуулар фабрикасынын жетекчилиги тарабынан миграциялык мыйзамдарды бузуу фактылары болгону аныкталганы белгиленет кабарда. Тагыраагы, алар Бангладешдин 28 жана Пакистандын 4 жаранын өлкө аймагында эмгектенүүгө уруксаты жок, мыйзамсыз ишке тарткан.
Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.
Канаттуулар фабрикасында мыйзам буузулар аныкталды
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















