super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Нарындагы көпүрөгө каза болгон айдоочунун аты берилди (видео)

 

Нарын районундагы Эки-Нарын айылынын башка айылдар жана облус борбору менен байланыштырчу көпүрөгө Азамат Асылбек уулунун аты берилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун билдирди.

Асылбек уулу 13-августта мурунку көпүрө кулаганда оор жүк ташуучу унаасы менен бирге Нарын дарыясына түшүп кеткен. Анын сөөгү 15-августта табылган. Ошол учурда ал оор жүк ташуучу унаа менен айылдагы салынып жаткан мектепке курулуш материалдарын алып бара жатканы айтылган. Жергиликтүү тургундар кулаган көпүрөнүн эскилиги эбак эле жеткенин айтышып, өз кезегинде жергиликтүү бийликти тийиштүү чара көрбөй келди деп айыпташкан.

Кулаган көпүрөнүн ордуна жаңысы курулуп, 17-сентябрда пайдаланууга берилди. Тагыраагы, транспорт министри Абсаттар Сыргабаевдин берген убадасынан 11 күн кечигип ишке берилди. Министр 16-августа Эки-Нарын айылынын тургундары менен болгон жолугушуусунда көпүрө 21 күндө толук бүткөрүлөрүн убадалаган.






Нарындагы көпүрөгө каза болгон айдоочунун аты берилди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: