"Ушул бардактын баары силердин моюнуңарда". Эрулан Кокулов агартуу министринин ишин сынга алды
Депутат Эрулан Кокулоа агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын жана анын орун басарларынын ишин сынга алды.
Ал 24-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында билим берүүдөгү болуп жаткан көйгөйлөргө Агартуу министрлигинин жетекчилигин күнөөлөдү.
"Бүт мектептердеги көйгөйлөрдү силер кылдыңар. Мен силерди жакшы иштейт экен дегем. Эмне иш кылып жатканыңар белгисиз. Орун басарларыңыздын бардыгы менен урушуп бүттүм. Балдар окууга бара албай жатат, айлап окуусун өткөрүп жибергендер бар. Ушул "бардактын" баары силердин моюнуңарда. Тарыхта ушундай калат. Азыр болсо да оңдоп кеткенге мүмкүнчүлүгүңөр бар. Мектептерди кыдырып, ата-энелер менен жолугуп иштесеңер бардыгын көрөсүңөр. Кабинетте бекинип отура берсеңер, эч нерсени көрбөйсүңөр", - деди Кокулов.
Эрулан Кокулов агартуу министринин ишин сынга алды
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















