super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Гонконг күчтүү тайфундан кийин калыбына келүүдө

 

Гонконгду быйыл дүйнөдөгү эң күчтүү "Рагаса" тайфуну каптап өткөндөн кийин шаар акырындык менен өз калыбына келе баштады. 36 саатка токтоп турган эл аралык аэропорт кайра иштей баштады, ишканалар, транспорт жана айрым мектептер ачылды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.

Маалыматтарга караганда, шаарда 100дөн ашык киши жаракат алган. Тайфун болгон күнү бийлик эң жогорку - 10-деңгээлдеги эскертүүнү берип, кийинки күнү 3-деңгээлди сактап калды. Чоң толкундар Гонконгдун жээктерин каптап, сел жүрүп, жолдор менен үйлөрдү суу басты.

Азыр бийлик жолдорду оңдоп, 1000ден ашык кулаган даракты тазалап, 85ке жакын суу каптоо фактысына чара көрүп жатат. "Рагаса" болор алдында бийлик төмөн жерлерде жашаган адамдарга үйлөрүн бекемдөө үчүн кум каптарды таратып, эл азык-түлүктү камдап алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: