super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Юстиция министирлиги аралыктан нотариалдык кызмат көрсөтө баштайт

 
1-октябрдан тартып Кыргызстанда нотариалдык кызмат көрсөтүүнүн жаңы форматы иштей баштайт, айрым нотариалдык аракеттерди алыстан аткаруу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Бул тууралуу Юстиция министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, эми жарандар жана юридикалык жактар нотариуска жеке барбастан, төмөнкү процедураларды онлайн тартипте аткара алышат:
• ата-энелердин макулдугун күбөлөндүрүү;
• ата-энелердин, асырап алуучулардын, камкорчулардын жеке көзөмөлчүлөрдүн жашы жете электерди Кыргызстандын чегинен чыгарып кетүүгө макулдугун күбөлөндүрүү;
• жашаган жери боюнча каттоого макулдукту күбөлөндүрүү;
• паспорт алууга макулдукту күбөлөндүрүү;
• Кыргызстандын жарандыгын алуу же андан чыгууга макулдукту күбөлөндүрүү;
• Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо агенттигинен маалымкаттар менен документтерди алуу үчүн ишеним катты күбөлөндүрүү (четтетүү укугусуз);
• Мамлекеттик бажы кызматында жүктөрдү бажыдан өткөрүү үчүн ишеним катты күбөлөндүрүү (четтетүү укугусуз).
Кызматтар өлкөнүн ичинде гана эмес, чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктар үчүн да жеткиликтүү болот.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: