Польша Беларусь менен чек арасын ачты
Польша Беларусь менен болгон чек арасын ачып, транспорт каражаттарын өз аймагына киргизе баштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Буга чейин Польшанын чек ара кызматкерлери жолду коргоо тосмолорунан тазалашкан.
Эске салсак, 12-сентябрда Польшанын чек ара кызматы Беларусь-Польша чек арасындагы өткөрмө пункттарды жапкан. Ошондой эле алар бетон тосмолорду, тикенектүү зымдарды жана металл калкандарды колдонуп, коргоо тосмолорун орнотушкан. Чек арага миңдеген аскер кызматкерлери да тартылган.
Бул чаралардын себебин Варшава 12-16-сентябрь аралыгында өтүп жаткан Орусия менен Беларустун биргелешкен “Батыш-2025” аскердик окуулары менен түшүндүргөн. Аталган машыгуунун максаты Союздук мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгүн текшерүү болгон.
Чек аранын ачылганы тууралуу чечимди 23-сентябрда Польша премьер-министри Дональд Туск жарыялаган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















