АКШдагы кыргызстандыктарга Чикагодогу Башкы консулдук тарабынан кеңештер берилди
АКШнын Чикаго жана Иллинойс штатында иммиграциялык кызматтар чет элдик жарандарды текшерип жатканына байланыштуу Кыргызстандын Чикагодогу Башкы консулдугу жарандарга этият болууну жана АКШнын мыйзамдарын сактоону сунуштады. Бул тууралуу консулдуктун инстаграм баракчасында кабарлады.
Консулдук жарандарга жеке күбөлүк документтерин дайыма алып жүрүүнү, иммиграциялык статусун жана уруксат берүүчү документтеринин мөөнөтүн текшерип турууну эскертти. Иммиграциялык кызматтар менен байланышканда тынчтыкты жана сылык мамилени сактап, адвокаттан кеңеш алуу укугун колдонууга, документтерди түшүндүрмөсүз жана котормосуз кол койбоого, өздүктү тактоого байланышкан суроолорго гана жооп берүүгө чакырды.
Мындан тышкары, акциялар жана нааразычылык иш-чаралары өтүп жаткан жерлерде этият болуу, консулдуктун байланыштарын сактап жүрүү жана керектүү учурда кеңеш сурап кайрылуу сунушталды. Маселе жаралса Кыргызстандын Чикагодогу Башкы консулдугун кабардар кылууну талап кылуу зарыл.
Консулдук менен байланыш үчүн:
Телефон: +1 312 994 24 16, +1 312 929 34 42
E-mail: kgconsulate.chicago@mfa.gov.kg
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















