super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Иран Израилдин жашыруун өзөктүк документтерин колго түшүргөнүн билдирди

 

Ирандын чалгын кызматы Израилдин жашыруун документтеринин чоң көлөмүн, анын ичинде өзөктүк жана аскердик изилдөөлөргө байланыштуу материалдарды колго түшүрдү. Бул тууралуу Ирандын маалымат министри Сейед Исмаил Хатиб билдирди.

Анын айтымында, Тегерандын колуна курал-жарак долбоорлору, өзөктүк изилдөөлөр жана Израилдин АКШ жана Европадагы өнөктөштөрү менен биргелешкен программалары тууралуу бир нече документтер түшкөн.

Мындан тышкары, чалгын кызматы Израилдин коргонуу тармагында иштеген 189 адистин аты-жөнү, кызмат орундары жана байланыш маалыматтарын да алган.

Министр бул маалыматтар өзөктүк объекттерге түз кирүү, ошондой эле аскердик мекемелердин айрым кызматкерлери жана жөнөкөй жарандар аркылуу алынганын белгиледи.

Эске салсак, Иран менен Израилдин ортосундагы 12 күндүк согуш быйыл 12-июнда Израилдин Ирандагы өзөктүк объектилерге жасаган аба соккуларынан кийин башталган. Тегеран жооп катары ракеталык чабуулдарды жасаган.

22-июлда АКШ согушка аралашып, Ирандын үч өзөктүк объектисине сокку урган. 24-июнда тараптар ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашууга жетишкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: