Жылнаама: Белгилүү голливуд актёру Уилл Смит 57 жашка толду
25-сентябрда Голливуддун эң белгилүү актёру, музыкант жана продюсер Уилл Смиттин туулган күнү. Актёр өзүнүн мыкты чеберчилиги менен миллиондогон күйөрмандарды топтой алган. Ал миңдеген актёрлор кыялданган кино карьерасын куруу менен бирге "Грэмми" сыйлыгын алган алгачкы рэперлердин бири болуп саналат. Бул макалада Смитт тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайбыз.
Балалыгы
Уилл Смит (Willard Carroll Smith II) 1968-жылы 25-сентябрда Филадельфияда төрөлгөн. Уиллдин апасы Кэролайн мектепте мугалим, ал эми атасы Виллард Кристофер Смит муздаткыч чыгарган компанияга ээ болгон. Ал 13 жашында ата-энеси ажырашып кетишкен. Уилл төрт баланын экинчиси. Актёрдун Гарри аттуу иниси жана эгиз эжелери Эллен жана Памела бар. Бала кезинде Уилл Смит "ханзаада" деген каймана атка ээ болгон. Ал өзүнүн чечен, тубаса сүйкүмдүүлүгү жана жагымдуу көрүнүшү аркылуу ар кандай кырдаалдардан жеңил чыгып кетчү.
Уилл Смит мектепте окуп жүргөндө эле рэп жана хип-хопко катуу кызыгып калган. Бул хобби Уилл Смиттин шоу-бизнестеги карьерасындагы биринчи кадам болгон. Уилл өзүнүн досу ди-джей Джефф Таунз менен бирге дуэт түзүп, Cool Prince деген ат менен концерт коюшкан. Дуэттин ырлары ийгиликке ээ болгон. Эки альбом платина сертификатына ээ болуп, "Ал ди-джей" жана "Мен рэпермин" чыгармалары атүгүл "Грэмми" сыйлыктарын жеңип алган.
Көп өтпөй топтун популярдуулугу төмөндөп, Смит өзүнүн күчүн бизнестен сынап көрүүнү чечкен. Ал унааларга жана зер буюмдарына акча салган, бирок ийгиликке жеткен эмес. Карызга батып кеткен.
Карьера
Актёрдун кийинки ачылышы “Мамлекет душманы” тасмасындагы ролу менен болду. 1999-жылы Уилл Смит "Матрица" тасмасында башкы ролдон баш тартып, чоң ката кетирген. Ал батыштагы "Жапайы Батышта" ковбой ойноону тандаган. Тасма ийгиликсиз болуп, бюджетин актай албай, атүгүл жылдын эң начар тасмасы үчүн «Алтын малина» сыйлыгын утуп алган. Музыка гана кинону сактап калган. Смиттин фильмге саундтреги америкалык хит-параддардын сап башында турган.
2001-жылы улуу мушкер Мухаммед Алинин ролун ойногон. Бул ролу үчүн ал эки жолу "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлгөн. Актёрдун айтымында, бул чыгарма аны физикалык жактан да, рухий жактан да терең өзгөрткөн. Легендарлуу мушкер катары мүнөзгө ээ болуу үчүн Смит бокс диетасын кармануу менен күнүнө алты саат машыккан. Актёрду элге таанытып ийгиликке жеткирген тасма болгон.
2008-жылы Уилл Смит Forbes журналынын Голливуддагы эң көп киреше тапкан актёрлор тизмесинин сап башында турган. Жылдыздын жылдык кирешеси эч качан 35 миллион доллардан түшкөн эмес. Смит Шарлиз Терон менен бирге тартылган "Хэнкок" жана "Бактылуулукка умтулуу" тасмасы үчүн ар бири 20 миллион доллардан киреше тапкан.
2012-жылы "Кара кийимчен кишилердин" үчүнчү бөлүгү жарык көргөн. Экинчи бөлүктөн айырмаланып, бул сынчылар тарабынан жакшы кабыл алынган. Смит бул тасманы жайылтуу үчүн Орусияга барып, орусиялык күйөрмандарын кубандырган. Москвада жүргөндө "ProjectorParisHilton" теледолбооруна конок катары катышып, уулу менен бирге "Вечерний Ургант" көрсөтүүсүнө да катышкан.
2016-жылы "Күрөө сулуусу" тасмасы жарык көргөн. Тасмада Уилл Смит, Кира Найтли, Кейт Уинслет, Хелен Миррен жана башка жылдыздуу актёрлор ойношот. Смит ийгиликтүү жарнамалык агенттиктин жетекчисинин жана анын каза болгон кызынын атасынын ролун ойнойт. Бул ролу да ийгиликтүү болгон.
2017-жылы Смиттин фильмографиясы "Жарык" драмасы менен кеңейген. Тасмада Смит альтернативдик чындыкта полиция кызматкеринин ролун аткарып, фантастикалык жанрда ойногон.
2019-жылы актёр үчүн кызыктуу долбоор болуп Смит жомоктун башкы сыйкырчысы болгон Жинди ойногон атактуу анимациялык фильмдин тасмага ылайыкташтырылган Аладдин музыкалык тасмасы болду. Уолт Дисней Пикчерс чыгарган тасманын режиссёру Гай Ричи болгон. Бүткүл актёрлордун ичинен Уилл катышууга биринчи болуп макул болгон.
Мындан тышкары дагы көптөгөн кинолордо рол жараткан.

Жеке жашоосу
Уилл Смиттин жеке жашоосу күйөрмандарынын көңүл борборунда. Ал эми актёр өзү тууралуу көп деле кеп козгобойт. Ал биринчи аялы Шери Зампино менен үч жыл жашап, 1995-жылы ажырашып кеткен. Смиттин уулу Виллард III 1992-жылы туулган, ажырашкандан бери апасы менен жашайт. Ажырашкандан эки жыл өткөндөн кийин, 1997-жылы декабрда, Смит көптөн бери сүйлөшкөн кызы Жада Пинкеттке үйлөнгөн. Ал Уиллдин эки баласын төрөгөн. Уулу Жейден Смит жана кызы Виллоу Смит. Актёр кызы менен "Мен легендамын" тасмасына, уулу менен "Бактылуулукка умтулуу", "Жерден кийин" тасмаларына тартылган.
Жейден Смит атасынын жолун жолдоп, рэпер, актёр жана бийчи болгон - аны жаш кезиндеги атасынын көчүрмөсү деп айтууга болот. Смит уулунун музыкага болгон кумарлануусун кубаттайт (ал 2017-жылы биринчи альбомун чыгарган). Уулунун Spotify'дагы клиби 100 000 көрүүгө жеткен.
Жаш жигиттин актёрдук карьерасы андан кем эмес ийгиликтүү болгон. 11 жашында ал экрандын жылдызы Жеки Чан менен ойноп жүргөн, кийинчерээк "Джастин Бибер: Эч качан дебе" жана башка тасмаларга тартылган.
Кино жылдызынын кызы тасмаларга тартылып, ондогон синглдерди жаздырган. Уилл Смиттин балдары социалдык тармактардын жылдыздары.

Смит жана анын үй-бүлөсү 2009-жылы биринчи чоң үй сарайын сатып алышкан. Бул Гавайидеги таасирдүү үй болгон, баасы 12,5 миллион доллар. Эки жылдан кийин америкалык бул мүлктү орусиялык миллиардер Дмитрий Рыболовлевге саткан. Көп өтпөй актёр жалпы баасы 42 миллион доллар турган вилласын кура баштаган. Алар жети жылдан кийин гана үйгө көчүп киришкен. Бул азыр актёр жана анын үй-бүлөсү үчүн негизги резиденция болуп саналат.
2023-жылы Уилл менен Жада 2016-жылдан бери эки жолго түшкөнү, бирок расмий түрдө ажыраша электиги белгилүү болгон. 2025-жылдын башында, айрыкча Уиллдин Индия Мартинес менен эл алдында өбүүсүнөн кийин жакындап калган ажырашуу тууралуу ушактардын жаңы толкуну пайда болгон. Март айында жылдыздын жаңы сүйлөшкөн кызы Смит менен болгон жолугушуудан түшкөн сүрөтүн жарыялаган.
Чоң чыр-чатак
Уилл "Эң мыкты актёр" номинациясында алтын статуэтканы алган "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземинде алып баруучу Крис Рок аялы Жада Пинкетт Смиттин чач жасалгасы тууралуу тамаша кылган. Актриса аутоиммундук оорудан улам чачы түшүп калган. Иш-чарада актёр алып баруучунун бетине муштум менен чапкан. Эртеси күнү Смит Роктан кечирим сурап, зордук-зомбулуктун кандай гана түрү болбосун кабыл алынгыс экенин белгилеген.
Бул жаңжалдан кийин Уилл Кинематографиялык искусство жана илимдер академиясынан кеткен. Апрель айында Кинематографиялык искусство жана илимдер академиясынын директорлор кеңеши Смитке иш-чараларга (анын ичинде сыйлык тапшыруу аземине) 10 жылга катышууга тыюу салган.
Куудул жана теле алып баруучу өзү Вилге эч кандай айып койгон эмес.
Учурда актёр дагы деле кызыктуу долбоорлорго тартылып, роль жаратып келет.

кошулду
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















