super.kg logo

Бишкекте белгисиз адамдар тарабынан төрт музыкант сабалды

 

Бишкекте белгисиз адамдар тарабынан төрт музыкант сабалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда SUPER.KG порталына жабыркагандардын жакындары кабарлашты.

Маалым болгондой, окуя 20-сентябрь күнү болжол менен 23:30 чамасында Бөкөнбаев жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда белгисиз адамдар төрт музыкантты катуу сабаган. Ур-токмокко алгандардын бири бычак көтөрүп жүргөн.

Жаңжал машинаны катуу айдап, тургундардын тынчтыгын бузгандыгы үчүн эскертүү бергенден келип чыккан. Учурда жабырлануучулардын бири оор абалда ооруканада экени айтылды.

Ал эми музыканттарга кол салгандар окуя болгон жерден качып кетишкен.

Жабыркагандардын туугандары окуя боюнча арыз жазганын маалымдашты. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери да чакырылган.

Бул боюнча Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына кайрылганыбызда төмөнкүлөргө токтолду:

"Аталган факт Бишкек шаарынын Биринчи Рай РИИБи тарабынан каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Жабырлануучу тараптарга соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Азыркы учурда корутундусу күтүлүүдө, жыйынтыгы менен тийиштүү юридикалык баа берилет".

Ошондой эле мекеме окуяга тиешеси бар жарандардын өздүгүн аныктоого багытталган иштер жүргүзүлүп жатканын, жыйынтыгына жараша тийиштүү чара көрүлө турганын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: