ОшМУнун профессорлору дүйнөдөгү эң мыкты окумуштуулардын катарына кирди
Ош мамлекеттик университетинин профессорлору, Эл аралык медицина факультетинин илимий кызматкери Факир Карим Рахим жана Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунун илимий кызматкери, профессор Турсун Юлдашев дүйнөдөгү эң мыкты окумуштуулардын катарына кирди. Бул тууралуу университеттин расмий сайтында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, мындай жыйынтык Стэнфорд университетинин жана Elsevier (Scopus) маалымат базасынын 2025-жылдагы версиясы боюнча чыкты.
Elsevier маалыматтары аркылуу түзүлгөн бул престиждүү рейтинг 22 тармак жана 174 багыт боюнча дүйнөдөгү эң таасирдүү изилдөөчүлөрдү аныктайт. Анда жалпы цитаталар жана илимпоздун карьералык, жылдык таасирин аныктоо үчүн өз тармагындагы таасирин чагылдырган стандартташтырылган көрсөткүчтөр эске алынат. Бул тизмеге кирүү менен илимпоздор билимди өркүндөтүү жана илимий коомдоштуктарга таасир этүү үчүн дүйнөлүк деңгээлде таанылат.
Факир Карим Рахим макалалары эң көп (120 миң) цитирлөө келтирилген дүйнөдөгү илимпоздордун катарында турат. Анын индекс хиршасы 69 жана Scopus базасында 381 макаласы жарык көргөн.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















