Токмокто Оорулардын алдын алуу борборун капиталдык оңдоо иштери аяктады
Токмок шаарындагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун бактериологиялык лабораториясынын имаратынын капиталдык оңдоосу аяктады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, оңдоо иштери Азия өнүктүрүү банкы тарабынан колдоого алынган "Саламаттык сактоо жаатында регионалдык коопсуздукту чыңдоо" долбоорунун алкагында жүргүзүлдү.
1979-жылы курулган лабораториянын имараты авариялык абалда болчу: асбестоцемент чатырынан суу өтүп, полдор жана жыгач тосмолор жараксыз абалга келип, жылытуу системи иштебей, желдетүү жана санитардык шарттар болгон эмес, ал эми суу жана электр менен камсыздоо үзгүлтүккө учурап турган.
Аткарылган жумуштардын жалпы наркы 13 201 653 сомду түздү.
Жаңыланган имарат заманбап сапат жана коопсуздук стандарттарына жооп берет, мындан ары долбоордун алкагында лаборатория эң жаңы шаймандар жана жабдуулар менен камсыздалат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















