super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Кыргызстан менен Омандын ортосунда кызматтык макулдашууларга кол коюлду

 
Кечээ, 25-сентябрда Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын алкагында министр Жээнбек Кулубаев Омандын тышкы иштер министри Бадр бин Хамад бин Хамуд Аль-Бусаиди менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун негизги жыйынтыгы катары министрлер кабинети менен Омандын өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлерин визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Бул кадам дипломатиялык жана расмий байланыштарды жеңилдетүү, саясий диалогду бекемдөө жана өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ошондой эле эки тараптуу мамилелерди жана эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: