Бишкекте жигитти сабап, унаасынын айнегин талкалагандар кармалышты (видео)
Бишкекте бейбаштыкка шектелип 25 жана 39 жаштагы жарандар кармалышты. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 2 күн мурун, тагыраагы, 24-сентябрда саат 20:10 чамасында Садыгалиева жана Дэн Сяопин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Милицияга арыз менен кайрылган жаран белгисиз адамдар денесине залал келтирип, унаасынын арткы айнегин сындырып салышканын айткан.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.
Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.
Бишкекте жигитти сабап, унаасынын айнегин талкалагандар кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:20
2025-09-29
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.