Токмокто велосипедчен кишини өлтүрө сүзүп кеткен жүк ташуучу унаанын айдоочусу кармалды
Токмокто велосипедчен адамды сүзүп кеткен деген шек менен жүк ташуучу унаанын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда Чүй облустук ишки иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 22-сентябрда милицияга Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 64-чакырымында эркек кишинин жансыз денеси табылганы тууралуу билдирүү түшкөн. Факт каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.
Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери ал жерден эркек кишинин жансыз денесин жана ага тиешелүү велосипедди табышкан. Кароо учурунда маркумдун денесинде жол кырсыгына тиешелүү жаракаттар бар экени белгилүү болгон. Маркум 62 жаштагы Токмок шаарынын тургуну экени аныкталып, окуя боюнча тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 59 жаштагы VOLVO үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын айдоочусу аныкталып, убактылуу кармоо жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















